Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

10:43 Кумтөргө барчу жолду тосуп жаткандарга бүгүн бийлик адамдары барып жолугат


Он күндөн бери тосулуп турган Балыкчы-Кумтөр автожолун ачуу максатында бүгүн түштөн акциянын катышуучулары менен расмий тараптын жолугушуусу болот. Ага Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун, облус губернатору Кыдыкбек Исаев жана «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык компаниянын жетекчилери катышмакчы. Кечээ президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов жолду ачуу боюнча чукул чара көрүүнү тиешелүү кызматкерлерге тапшырган. Барскоон окуясында жабыркаган айылдардын тургундары Кумтөрдө казылган алтындын 50% Кыргызстанга берүү, Барскоон окуясында жабыркагандардын компенсациясын толук төлөп берүү талабын коюп, он күндөн бери жолду эки жерден тосуп турушат. (BuS)

XS
SM
MD
LG