«Азаттыктын» Жалалабаттагы кабарчысы жүргүзгөн сурамжылоонун жүрүшүндө облустагы адам укугун коргоочулар Өзбекстанда эл аралык уюмдар менен көз каранды эмес адам укугун коргоочулар калбаганын, Анжиян окуясы жетиштүү изилденбей калганын билдиришти. Алардын ой-пикиринде, Анжиян окуясынан кийин чет өлкөгө качкан адамдардын укугу сырттан корголгону менен өлкө ичинде эске алынбады.Эки жыл мурда болгон окуя тууралу 2005-жылы жабыр тарткан адамдар да өкмөттүк бийликтер да азыр сөз кылгылары келбейт. Адамдар арасында коркуу сезими бар. Өзбек качкындары кайда жүрсө да өз өлкөсүнүн куугунтугу менен кысымына дуушар болууда. (YA)