Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:51

17:38 Баткен облусунда төрт жүздөн ашык мугалим жетишпейт


Бул жана башка билим берүү тармагындагы көйгөйлөр билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин жана Жогорку Кеңештин билим берүү комитетинин төрагасы Бектемир Мурзубраимов баш болгон депутаттардын тобу катышкан жыйында айтылды. Билим берүү тармагына тиешеси бар өкмөт мүчөлөрү жана парламентчилер облустун район, шаарларын кыдырып чыгышып, бир катар көйгөйлөрдү аныкташкан. Алар мектептердеги мугалим жетишсиздиги, окуучуларды кошумча тамактандыруудагы атайын жайлардын жоктугу, бузулуу коркунучунда турган мектептерде окуу жүрүп жатканы жана окуу тажик тилинде жүргүзүлүп жаткан мектептерде Тажикстандан алынып келинген китептер мамлекеттик саясатка жана идеологияга жооп бербейт деп аныкташты. (SA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG