Түштүк Осетиянын жетекчилиги кечээ күнү жумурияттын грузиндер жашаган айылдарын курчоого алды жана ал айылдарда жайгашкан грузиялык аскерлердин аймактан чыгып кетишин талап кылды. Түштүк Осетия өзү Тбилисидеги борбордук бийликке баш ийбейт, курчоого алынган айылдардын тургундары болсо, Түштүк Осетия өкмөтүн эмес, борбордук Грузия жетекчилигин жактырат. Президент Михаил Саакашвили болсо 10-май күнү атайын чечим менен Түштүк Осетияга жаңы атаандаш жетекчилик дайындаган.