Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

ТУУГАНБАЙ АР ТАРАПТУУ ШАЙЫР (экинчи бөлүк)


Көрүнүктүү төкмө акын Тууганбай Абдиев кыргыз эли эгемендүүлүккө чыккан күндөн Совет доорунда ар кандай себептер менен көркөм мурастары көмүлүп калың калкка тартууланбай келген залкар шайырлар Жеңижок, Молдонияздын терме, санат, насыят, казалдарын биринчилерден ырдап угармандарга тартуулайт.

Алсак, өз доорунун залкар төкмө акындары Жеңижок менен Эсенамандын айтыштарын, Молдонияздын казалдарын, жоктоолорун ж.б. чыгармаларын Тууганбай кыргыз шайырларынын ичинен Молдонияздын “Курманжан даткага айткан кайраты” аттуу обонунда өзгөчө изденүүчүлүктө аткарып, көпчүлүккө тартуулады. Ал угармандар тарабынан өзүнчө бир табылга катары да кабыл алынды. Анда эмесе Тууганбайдын аткаруусунда Молдонияздын Курманжан даткага айткан кайратынан үзүндү угуп, анын кандай деңгээлде, канчалык көркөмдүүлүктө, жетимдүүлүктө аткарганына ой жүгүртүп көрөлү.

Коргоол Досуев! Тууганбайды ыр дүйнөсүнүн туурунан учурган устаты эле. Эмнегедир өз учурунда ар тараптуу шыкка бай Коргоолдун өзүнүн аткаруусунда көптөгөн ырлары, обондору, күүлөрү, дастандары кыргыз радиосу менен телевидениенин тасмаларына жазылбай калган. Ата баладай ээрчишип жүрүп таалим-тарбия алган Тууганбай улуу устатынын көмүскөдө калган көптөгөн адабий музыкалык мурастарын алгачкылардан ырдап угармандардын калысына койду. Ал Коргоолдун тамашалуу куйкумдуу ырлары менен бирге жашоо турмушка, өмүргө, өлүмгө, дүйнөгө арналган терең мазмуундуу, көркөмдүүлүгү бийик терме, санат, насыяттарында автордун өзүндөй мукамдуулукта аткарып, угармандардын алкоолоруна арзыды. Ошондой көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган Тууганбайдын аткаруусундагы Коргоолдун “Дүнүйө” аттуу ыры болду.

- Тууганбай мырза төкмө акындык, ырчы-аткаруучулук менен берге чыгармачылыгыңда дастан айтуучулукту өнүктүрүп келе жатасың. Элдик баатыр Курманбектин 500 жылдыгына арналган чоң сынакта “Курманбек” дастанын айтып баш байгени жеңип алганыңды угуучулар жакшы билишер. Эми Туке, кийинки кезде айтып жүргөн “Жаныш-Байыш” дастанынан үзүндү аткарып берсең?

- Жаныш баатыр Байыш баатырды да туткундан куткарып Кер жоргого өңөрүп качып баратканда Айдың көлдүн көпүрөсүнүн башына жар коёнго асылып, атайын жашырып койгон душмандын мергенчилерин көрбөй Жаныш кирип барат. Мергенчилер Жанышты колго атат. Ошондо өңөрүп келаткан Байыш колунан түшүп кетет. Кер жорго токтобой ала качып жөнөйт. Акыры Жаныштын кайраты келип, эси ооп аттан кулап түшүп калат. Мунусу жаралуу болсо да тирүү экен, тигиниси аттан түшүп калды өлгөн экен. Ошонун сөөгүн да алып кетели деп душмандар кууп келатышат. Ошондо Кер жоргосу Жанышты карап жал ооруп, жаны күйүп айтып турган жери:
Кулак сал мен жакка,
Көз чаптырып карап тур.
Кууп келаткан эл жака
Жарадар Жаныш кыйнадың,
Жатканыңа мен капа, - деген шекилдүү саптарды айтып жаны ачыйт.


Тууганбай 46-жылдан бери Кыргыз Улуттук филармониясында иштеп келүүдө. Ал азыр “Эл ырчысы Эстебес” тобун жетектейт. Тууганбай төкмө акындар Абдырашит Бердибаев, Шерекбек Шеркулов, Орозбек Кутманалиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев ж.б. шайырлар менен ар кандай темада айтышып, алымсабактын жаңы түрмөктөрүн жаратты. Тууганбайдын айтыштары туздуулугу, куйкумдуулугу, чымчымалуулугу, ойлуулугу менен өнөктөштөрүнөн аттын кашкасындай айырмаланат.

Акын көргөнүн ырдайт дегендей, Тууганбай “Өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган” азыркы замандагы кары картаңдардын көргөн күндөрүн, тарткан азаптарын, татаал тагырларын да тартынбай ырга кошуп келет. Кезек автордун “Кайырчынын казалы” аттуу ырында. Аткаруучу ырчы Сыймык Бейшекеев.

- Тууганбай мырза, төкмө акындык, дастан айтуучулук, ырчы-аткаруучулук менен бирге комуз чертип, күү да чыгарат экенсиң. Акыркы кезде чыгарган күүңдүн атын атап, маңызын айта отурсаң?

- Жакшы болот. Мен филармониянын босогосун аттаган күндөн Шекербек Шеркулов менен гастролдордо көп болдум. Шекемдин черткен күүлөрүн көп уктум. Залкар комузчу Ыбырай Тумановдун “Кеңеш”, “Жаш тилек” күүлөрүн өзүнө чертип берсем: О балам сенде бар турбайбы. Комуздун артынан түшсөң акын эле эмес, чоң комузчу болосуң деген. Ушундан улам угармандар үчүн эмес, өзүм үчүн күү чертип жүрөм. Ар бир адам жашоосунда ар кандай кыялга батат экен. Мен да түркүн түрдүү кыялга батам. Ошол кыялдануумду күү аркылуу берем. Ошентип “Эрке кыял” аттуу күү чыгарган элем.

- Ырахмат Тууганбай мырза. Дөөлөтүү 70 жашың кут болсун. Айдан аман, жылдан эсен, элиңдин эрмеги болуп жүрө бер.
XS
SM
MD
LG