Г. Айтиеев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылган фестивалдын максаты Кыргызстандын элин Жапониянын маданияты, салттары жана искусствосу менен жакындан тааныштыруу деп билдирди анын уюштуруучулары. Калоочулар жапон улуттук тамагынын даамын татып, белгилүү чай аземине катыша алат. Ошондой эле фестивалдын конокторун “Жапон кыштагы” деп аталган көргөзмө күтөт. (ZMa)