Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

19:00 Чолпонатада жаңы курулган базардын сатуучулары президентке кайрылуу жолдоду


ЫСЫККӨЛ. Чолпоната шаарынын кире беришине бир жыл мурда жаңы базар ачылганы менен эски базар жабылмайынча анда соода жүрбөй атканын белгилегендер төрт айдан бери жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылууда. Облус, район жетекчилери мындай менчик объектилерди жабууга негиз жок экенин билдиришсе, Чолпоната шаар башчысы Нурлан Насирдинов мүрзөнүн жанында он жылдан бери иштеп аткан “Нур” базарында санитардык жана коопсуздук эрежелер сакталбагандыктан, аны жабуу боюнча февралда эле токтом чыгарган. Бирок, 9-11-апрелде бул базарга бириккен фронттун штабы ачылгандыктан райондун акими Турусбек Мансуров аларды митингге чыгарбоо үчүн өз ордуна калтырган. Жайкы сезон башталганга бул маселени чечип берүү үчүн эми президентке кайралганын белгилеген Толкун Досумбаева баштаган топ Курманбек Бакиевди 17-майда Чолпоната шаарынан тосушаарын маалымдады. (RB)

XS
SM
MD
LG