Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Иранда баш пааналаган Ооганстандык 85 миң качкын күчкө салып депортацияланды


КАБУЛ. Акыркы үч жуманын ичинде кошуна Ирандан Ооганстанга 85 миңге жакын ооган качкыны депортацияланды. Иран бийликтери ооган качкындары учурунда өлкөгө мыйзамсыз киришкен дешет. Бул аракет Ооганстан коомчулугунда кыжырданууну жаратты. Ооган парламенти өлкөнүн тышкы иштер министрин кызматтан алуу чечимин чыгарды. Бирок президент Карзай маселени Конститциялык сот карап чыкканча министрди ордунда калтырды.

XS
SM
MD
LG