ТЕГЕРАН. Иран кошуна Ирактагы абалды турукташтыруу маселесин АКШ менен талкуулоого макул болду. Бул жөнүндө Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн майда-чүйдөлөрү келерки жумада белгилүү болот. АКШ бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.