Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин кызматкерлери, Улуттук гвардиянын “Пантера” атайын бөлүгүнүн десант жоокерлери, Жеңил авиация боюнча улуттук федерациянын аскерлери Канттагы аскерий аба майданында парашюттардан секиришти. Бул иш-чара “Спорт маң заттарга каршы” деп аталып, ВИЧ/СПИД дартын алдын алууга багытталган. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, ушул жылдын башынан бери маң заттарды колдонгондордун саны 7 миң 752ни түзгөн. ВИЧ/СПИД дартына чалдыккандардын 90% баңги зат колдонгондор. (ZMa)