Бүгүн парламентте «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды. Азимбек Бекназаров тарабынан сунушталган ал долбоордо келерки жылдын 1-январынан тарта облустарды жоюу каралган. Мыйзамда Кыргызстандагы административдик -регионалдык бирдик катары район, райондук маанидеги жана республикалык маанидеги шаарлар, ошондой эле айыл кеңештери аталган. Президенттин Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү Каныбек Жороев президенттин жардыгы менен түзүлгөн комиссия учурда административдик-аймактык реформанын үстүнөн иштеп жатканын билдирди. Бул маселени депутаттар шейшемби күнү президенттик администрациянын башчысы медет Садыркуловдун катышуусу менен талкууну улантууну чечти. (AiT)