Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

ИШКЕРДЕН ТЕКШЕРГЕН КӨП


Экономикалык өнүгүүнү 8% жеткирүү үчүн Кыргызстан экономикасына бери дегенде 400 миллион доллар инвестиция келиши керек. Ал үчүн четэл, Атамекен инвесторлоруна мыйзам негизинде ыңгайлуу шарт түзүлүшү зарыл. Мына ушул кенемтени толтуруу максатында кыргызстандык ишкерлер менен Инвестициялык кеңеш биргелешип текшерүүлөр жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун даярдашкан. Мыйзам ыксыз текшерүүлөрдү азайтып, салык төлөөчүлөр менен мамлекет ортосундагы укуктук мамилени жөнгө салмакчы. Бирок да жаңы мыйзам долбоору качан кабыл алынары, кантип иштери азырынча бүдөмүк.

Четтен, ичтен экономикага инвестициянын агылып кириши үчүн ириде ага ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек. Мына ушул ишкерликтин жөнөкөй эреже-талабы Кыргызстанда сакталабы? Инвестициялык кеңештин катчысы Таалай Койчумановдун айтуусунда, ага ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгү тууралуу кеп кылууга али эрте.

- Мен жакшы деп айталбайм. Антсем туура эмес болот. Инвестициялык климатты жакшыртыш керек. Тикелей инвестиция ички дүң продукттун 10 – 15% түзүш керек.

Четтен келчү бизнесчилерди кооптонткон маселе көбүнесе мыйзамдардын так аткарылбагандыгына, алардын тез-тез өзгөрүлүп тургандыгына, сот бийлигинин көз карандылыгына байланыштуу болсо, Атамекен ишкерлерин текшерүүлөрдүн көптүгү жүдөтүүдө. Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын президенти Чыныбай Турсунбековдун ырасташынча, отуздан ашуун мамлекеттик мекемелер жыл сайын миллиондогон сомдорду, кымбатбаа убакты-саатын сарп кылып текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Өткөн жылы эле андай иш-чараларга 60 миллион сом жумшалган. Анын кайрымжысы кандай болгонун Ч.Турсунбековдун өзүнүн эле айтып бергени оң.

- Жалпы бюджеттик сумма, кеткен чыгым 61 миллион сомду түзгөн экен. Андан мамлекетке 1 миллион 800 миң сом түшүптүр. Мамлекет 61 миллион сом чыгым болсо анын 59 миллиону кайтарылган эмес. 82 000 адам саат убактысы мына ушул ишканаларды текшерүүгө кеткен. Жүздөн ашуун текшерүү жүргүзгөн экологиялык кызматтын текшерүүнүн бирөөсү да жөндүү болгон эмес. Эч кандай уруксатсыз, негизсиз болгон.

Каадалуу жыйындарда ыксыз текшерүүлөрдү азайтуу зарылдыгын бийлик башчыларынын текши баары айтып келатышат. Бирок да мамлекеттик мекемелердин расмий колдонмо документтерин калканч кылган чиновниктердин текшерүүлөрү сээлдеген жок. Аны президентке караштуу Инвестициялык кеңештин катчысы Таалай Койчуманов да бекемдеди. Ишкерлердин кыйла убакты-сааты, каражатына күч келтирген ыксыз текшерүүлөрдүн артында
коррупциянын башы чыгып турганы деле жашыруун эмес. Бир эле маселени бирнече мамлекеттик мекемелер алгоолошуп текшерүүгө алышканы арбын, деп билдирди Т.Койчуманов.

- Айталы, транспорт инспекциясы жана башкалар. Текшерүүлөргө байланышкан дагы бир маселе. Маселен, жайкысын финансы инспекциясы Экономикалык өнүгүү министрлигинен 65 ирет текшерүү жүргүзүүгө уруксат сураган. Анын экөө гана мыйзамдык негизде, жөндүү текшерүү болгон. Мындай мисалдарды каалаганча келтирүүгө болот.

Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын Кыргызстандагы өкүлү Даниэл Берг ириде ишкерлер менен өкмөттүн ортосунда пикир алышуу – диалог жүрүшү керек, деген ойдо.

- Көрүнүп тургандай, андай талкуу, диалог жок болсо натыйжасы жакшы болбойт. Бизнес менен өкмөттүн ортосунда диалог болуп турушуна көмөктөшө алсак, биз да өз милдетибизди туура аткарабыз.

Өткөн жылы да кыргыз өкмөтү ички дүң продукт көлөмүн 8% көбөйтүү милдетин алдыга койгон. Жыл жыйынтыгы 3% бираз жете бербеген көрсөткүч менен аяктаган. Быйыл деле ошондой эле милдет коюлуп, инвестицияны тартуу демилгеси байма-бай айтыла баштады. Анткен менен, жаңы өкмөт ишин баштап-баштай электе “Кумтөр”, “Жерүй”, “Андаш” алтын кендеринин айланасында талаштуу маселелер калкып чыкты. Бул жагдай, адистердин айтуусунда, ири инвесторлорду кооптонтпойт деш да кыйын.

XS
SM
MD
LG