Сотко арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы чечимине нааразы болгон талапкер Эрик Арсалиев берген. Сот бул ишти өткөн жума күнү карап баштаган. Ушул айдын башында БШК добуштар бурмаланганы аныкталганына негиздеп, аталган округ боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттык орун үчүн 29-апрелде өткөн шайлоону жараксыз деп тапкан болчу.(SM)