Кондализа Райс кечээ Москвага эки күндүк сапар менен келген. Анын сапары АКШ-Орусия алакаларынын бир топ солгундап кеткен учуруна туш келүүдө. Маалым болгондой Орусия АКШнын Европага ракетадан коргонуу системасынын жабдыктарын орнотууга каршы болуп келүүдө. Ошондой эле тараптар Косовонун келечегине байланышкан маселеде да эки башка көз карашта.