Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

14:47 Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Москвада абакта жаткан мекендештер менен жолугушуп келди


Россиянын борборунда Турсунбай Бакир уулу май айынын башында болгон. Анын маалыматы боюнча, Москва шаарынын жети убактылуу кармоочу жайларында 84 кыргызстандык кармалып турат. Алардын көпчүлүгү паспорттук-визалык тартипти сактабаганы үчүн кармалган. Ал эми 33 ар кандай мөөнөткө кесилген. Турсунбай Бакир уулун Москва шаарынын милиция кызматынын жетекчилеринин Андрей Захаров коштоп жүргөн. Акыйкатчы андан кармалган кыргыз атуулдарын мекенине тезирээк кайтарууну чечүүнү өтүнгөн жана ал түшүнүү менен кабыл алынган. Бул тууралуу Акыйкатчы бүгүн өткөрүлгөн мааылмат жыйынында билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG