Чолпоната шаарынын тургундары Ысыккөл районунун администрациясына чогулуп, көл жээктеги жерлерди мыйзамсыз пайдаланган Бишкектин фирмаларын облустук сот актап чыкканын жана аукционго коюлган жерлер элдин макулдугусуз сатылып кеткенине нааразылык билдиришти. Коомдук спорт комплексин куруу үчүн пландалган 12 гектар жер “Феранова” аттуу фирмага сатылганын белгилеген депутат Купан Эгинбаев буга бийликти күнөөлөдү. Ал эми Абдымалик Акматбаев болсо ошол жер элге кайтарылса көзү өткөн уулдары Тынычбек менен Рысбектин убадасы боюнча спорт комплексин курууга демөөрчү болорун белгиледи. Депутат Неля Бараканова аймактагы жерлерди Чолпоната шаар башкармалыгынын менчигине өтүшүн сунуштаган элдин кайрылуусун окуп, аны президентке жолдоду. (RB)
18:27 Көл жээгиндеги жерлердин аукцион аркылуу сатылып жатканына жергиликтүү калк нааразы