Кечээ кечке дейре созулган соттук териштирүүдөн кийин Биринчи май райондук соту аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышкан Эрик Арсалиевдин арызын толугу менен канааттандырды. Ушул айдын башында БШК добуштар бурмаланганы аныкталганына негиздеп, Кемин округунда 29-апрелде өткөн шайлоону жараксыз деп тапкан болчу. Сот ишине катышкан айрым укук коргоочулар менен көз карандысыз байкоочулар соттун чечимин адилетсиздик жана саясий оюн катары баалашууда. Алар бүгүн бул иш боюнча маалымат жыйынын өткөрүшөөрү күтүлүүдө.(SM)