«АКШ Европага ракетадан коргонуу системасынын жабдыктарын жайгаштырууга Орусия вето сала албайт» - деп билдирди, АКШ мамлекеттик катчысы Кондализа Райс кечээ Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп чыккан соң. Тараптар ошондой Косово маселеси боюнча да орток пикирге келе алган жок.