Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Евробиримдик Сербия менен сүйлөшүүлөрдү жакын арада жандандырышы мүмкүн


Бул тууралуу Евробиримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Олли Рен бүгүн Белграддан билдирди. Анын айтымында, эгер серб бийликтери согуш кылмыштары үчүн шектелгендерди камоодо жетиштүү жылыш көргөзө алса, сүйлөшүүлөрдү жакынкы аралыкта кайра баштоого болот. Мунун алдында серб парламенти реформачыл маанайдагы коалициялык өкмөттүн курамын бекиткен эле. Еврошаркеттин мүчөлүгүнө көздөй алгачкы кадамды караган келишим боюнча сүйлөшүүлөр былтыр май айында Сербия босниялык сербдердин 90-жылдардагы, согуш учурундагы аскерий колбашчысы Ратко Младичти кармап бере албаган соң токтотулган.

XS
SM
MD
LG