Мындай эскертүүнү НАТОнун командачылыгы жасады. Генерал Дэн МакНейлдин айтымында, коалициялык күчтөр согушкерлердин жооп соккусун күтүүдө. Согушкерлер бир нече аптанын аралыгында эле кайра топтолушу мүмкүн. Талибдердин таасирлүү колбашчысы молдо Дадулла коалициялык күчтөр 12-майда түштүктөгү Гильменд провинциясында өткөргөн операция учурунда жок кылынган. Ооган бийликтери ошол операция учурунда талибдердин дагы башка үч колбашчысы да мерт болгонун бүгүн маалымдады. Кабулда болсо бүгүн бүгүн жүздөгөн оогандар Пакистандын бул жердеги элчилигине эки өлкөнүн чек арасында орун алган уруштарга нааразылык билдирип барышты.
Ооганстанда талибдердин таанымал колбашчысынын жок кылынышы өлкөдөгү козголоңчул кыймылды токтотпойт