Ал бийликти Францияны соңку он эки жылда башкарган Жак Ширактан өткөрүп алды. Кыска инагурациялык сөзүндө ал француз коомун толеранттуулукка жана ачыктыка чакырды. Өлкөнүн мурдагы ички иштер министри, консерватор Николя Саркози өлкөдө радикалдуу экономикалык реформаларды убада кылып, шайлоонун 6-майдагы экинчи айлампасында жеңишке жетишкен эле. Четтеги алгачкы иш сапарын ал бүгүн коңшу Германияга жасоодо. Немец канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдө Еврошаркеттин келечеги талкууланмакчы.