Бул тууралуу бүгүн «Жерүй алтын» акционердик коомунун башкармалар кеңешинин төрага орун басары Жолдошбек Алымбеков билдирди. Анын айтымында, буга Өмүралиев айыл өкмөтүнүн жашоочулары тарабынан ишке тоскоолдук кылышканы түрткү болууда. Ошондой эле ишкана өкмөткө кайрылуу жолдогону жатат. Жерүй алтын кенинин ишке киришине каршы болгон Өмүралиев айыл өкмөтүнүн тургундары 14-майда нааразылык акциясына чыгышып, ишкананы курууга пайдаланылып жаткан техникаларды чыгарууга мажбур кылышкан. (BuS)
15:14 «Жерүй алтын» акционердик коому курулушту токтоткондорду сотко берүүнү көздөп жатат