Жогорку Кеңештин депутаттары жумушчуларга эки ай эмгек маянасын төлөбөгөн жетекчини жазага тартуу боюнча мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп баштады. Бул тууралуу кечээ Өнөр-жай, курулуш, архитектура жана менчиктештирүү суроолору боюнча комитеттин жыйынында анын жетекчиси, депутат Арзыбек Бурканов билдирди. Анын айтымында, бул өңдүү документ депутаттар тарабынан иштелип чыкты жана жакын арада комитеттин кароосуна жиберилет. Андан соң бул долбоор Жогорку Кеңеште каралмакчы. Арзыбек Бурканов бул маселени Майлы-Суудагы электролампалык заводундагы кырдаалдан улам көтөрдү. Аталган заводдун жетекчилигинин кетирген кемчиликтерден улам, жумушчуларга берилчү айлык акынын карызы 39 миллион сомду түзгөн. (ZMa)