Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов өкүлчүлүктүн ачылыш аземинде Кыргызстан менен Ооганстан ортосунда тышкы соода көлөмү жогорулаганын белгиледи. Министрдин айтымында, акыркы беш жылдын ичинде соода көлөмү 50 эсеге, өткөн жылы болсо 6 эсеге өскөн. Сабырбек Молдокулов ооган ишкерлерине эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)