Жаңы төрөлгөн балдарды сатканга катыштыгы бар делип Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн бөлүм башчысы жана башкы акушери тергеп иликтөө иштери бүткөнгө чейин кызматынан бошотулду. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясы багуудан баш тартылган жана таштанды балдарды багып алуунун мыйзамдуулугуна байланыштуу маселерди крап чыгуу, балдарды башка үйбүлөнүн багып алуусуна атайын комиссия түзүү, буга байланыштуу берилген справкаларга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)