Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:34

16:30 “Талас турмушу” облустук гезитинин баш редактору укук коргоо органдарына кайрылды


ТАЛАС. 16-май күнү “Жерүй” кенинин кире бериш жеринде болуп өткөн митингде облустук телерадионун башчысын Машакбай Рахманкулов жана “Талас турмушу” гезитинин башкы редактору Козубек Иманкуловду митингчилер кууп жибергендиги үчүн Козубек Иманкулов Талас райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Арызда митингди чагылдырууда ар-намыстарына тийип, беделдерине шек келтирип, алардын журналисттик ишмердүүлүгүнө күч колдонуу менен тоскоолдук жасалгандыгы үчүн мыйзамдуу түрдө жаш лидер Серик Жолдашев, Козубак Айталиев жана Токтобай Итибаевдерди жоопкерчиликке тартуу тууралу жазылган. Ал эми Серик Жолдашев аталган журналисттер митингди бир беткей чагылдырып жатышкандыгы үчүн митингдегилер күч колдонбостон, жөн гана сөз менен кетүүсүн талап кылгандарын “Азаттыкка” билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG