Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

17:25 Таласта аз кандуулук менен ооруган адамдар көбөйдү


ТАЛАС. Бакайата районундагы катталган “Андаш” бейөкмөт уюму 2006-жылдын декабрь айынан баштап жогоруда аталган долбоор менен иштеп келет. Ал долбоорду жетектеген Андаш Мамбеталиевдин айтымында, аз кануулуктан улам балдардын оорулу болуп төрөлүшү жана башка ооруларды тез кабыл алышы күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бүгүн аз кандуулук маселесин демократияны колдоо маалымат борборунда жыйырмадан ашуун бей өкмөт уюмдары катышкан жыйында талкууланды. “Андаш” бей өкмөт уюмунун жетекчиси “Ашына” деп аталган жеке менчик дан азыктан чыгарылып жаткан унга витаминдештирилген кошулмаларды кошуп, элге таркатууну пландаштырып жатканын айтты. Ал эми жыйынга катышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү буга каршы болуп жеке менчик дан азык эмес, көпчүлүк элге жеткирүү үчүн “Талас дан азык” акционердик коому менен иштешүү керек деген сунуштарын айтышты. (UA)

XS
SM
MD
LG