Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

11:00 Селдин азабы өттү


17-майдан 18-майга оогон түнү нөшөрлөп жааган жаандан пайда болгон сел Аксы районунун Карасуу айыл өкмөтүндө жети көпүрөнү алып кеткен. Натыйжада 367 үй жана 2 орто мектеп тышкы дүйнө менен байланышсыз калган. Орто мектептерде окуу токтоду. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Карасуу суусунун жээгиндеги жаракага байланыштуу жээктен 350 чакырым аралыкта жайгашкан үйлөргө суу жайылуу коркунучу бар.
Кырсыкка учураган аймакта азыр аталган министрликтин адистери жана техникалары калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG