Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай 23-апрель күнү парламенттин беш комитети антитеррордук күчтөрдүн “Манас” авиабазасы боюнча жыйынга чогулат. Анда 2006-жылдын 6-декабрында америкалык аскер Закари Хетфилд тарабынан атып өлтүрүлгөн Кыргызстандык жаран Алексей Ивановго байланыштуу 15-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун ишке ашырылуусу жана “Манас” аскердик авиабазасынын мындан аркы тагдыры тууралуу маселелер каралмакчы.