Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:36

11:50 Депутат Исхак Масалиев: “Манас” авиабазасына мындан ары муктаждык жок


Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Исхак Масалиев “Манас” аскердик абабазасынын мындан ары Кыргызстанда туруусунун зарылдыгы жок деп эсептейт:

-Антитеррордук күчтөрдүн аскерий абабазасы өз максатына жетти. Ошондуктан, мен “Манас” абабазасы тууралуу 2001-жылы түзүлгөн келишимдердин ратификациясын жокко чыгаруу тууралуу жыйында сунуш кылам. Мындан ары бул абабазанын биздин жерде турганынын кажети жок.
Ушул авиабазанын Кыргызстанда орун алуусу боюнча маселени 2001-жылы Эл өкүлдөр жыйынында талкуулаганда да айткам, бул базанын аскери кылмыш кылса, ал биздин мамлекеттин мыйзамы менен жооп бербейт деп, ошондой эле болуп жатат. “Манас” абабазасынын аскерлери АКШ өкмөтү үчүн барктуу, ошондуктан бул жакта кылган кылмышы үчүн алар өз өлкөсүндө деле эч кандай жаза алышпайт,


-деп билдирди Исхак Масалиев "Азаттыктын" кабарчысына.

XS
SM
MD
LG