Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:59

Иракта кагылышуулардан курман болгон адамдардын саны көбөйдү


БАГДАД. Америкалык аскерлердин маалымдашынча, 17- майда Иракта ал-Масаиб деген жерде жолго орнотулган бомбадан америкалык үч солдат курман болду. Жума күнү болсо жан кечти террорчунун жардыруусунан полициянын үч офицери мерт кетти. Бакуба шаарында болсо согушкерлер коалициялык аскерлердин базасына кол салып, эки ортодо болгон салгылашта 6 согушкер набыт кетти. Анын аралыгында, америкалык аскерлер дайынсыз жок болуп кеткен үч америкалык солдатты издөөнү улантып жатышат. Аларды Аль-Каида согушкерлери алып кеткен болуу керек, деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG