Аларды Бельгиянын экспорт жана тышкы инвестициялар боюнча Валлон агенттигинин жетекчиси Филипп Сьюнен жетектеп келет. Бельгиянын айыл чарба жана кайра иштетүү, банк жана юридикалык кызмат көрсөтүү, жеңил өнөр жай, телекоммуникация, фармакология жана башка тармактарында иш жүргүзгөн ишкерлери 25-майдан 27-майга чейин Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышат. Мындан тышкары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгын жүргүзүү боюнча өкмөт мүчөлөрү жана Кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бул маалыматты кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы таратты.