Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

14:50 Адам укугуна байланыштуу тегерек үстөл болот


Бул иш-чара КР президенттинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун демилгеси менен 24-26-майда өткөрүлөт. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Кыргызстанда тынч жыйындарды жана пикет, митингдерди өткөрүү боюнча бирдиктүү мыйзам жок:

-Апрель митингдери жарандардын эркин жыйындарды өткөрүү маданиятынын жана бул боюнча мыйзамдын жетишсиз экендигин көрсөттү. Бүгүнкү күндө бардык жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларына жүктөлүп, ошол эле учурда мамлекет өзү жоопсуз калып жатат. Баарыбыз укугубузду гана билебиз, милдет тууралуу унутуп калып жатабыз. Тегерек үстөлдө мына ушундай маселелерди талкууга алмакчыбыз, -дейт Азиза Абдурасулова.

XS
SM
MD
LG