Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

16:23 АКШ Кыргызстандын ооруканаларына 7,5 млн АКШ доллар баадагы гуманитардык жардам көрсөтөт


Мындай билдируу 18-майда вице-премьер-министр Нур уулу Досбол менен “ЮСАИД”, “Каунтерпарт интернешнлдин” жана башка министирликтердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда маалым болду. Ага ылайык 2007-жылдын май, июнь айларында Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору, травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жана Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасы 26 контейнерге салынган 7,5 млн. АКШ доллары турган медициналык жабдууларды алат. Ал эми Кыргызстандагы коомдук жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча программанын жетекчиси Бибира Акмолдоева Бишкекке гумжардам катары түшкөн медициналык жабдууларды даректерине түз жеткирүүгө бардык иш аракеттер каралыш керек экенин белгилеп өттү.(ESu)

XS
SM
MD
LG