Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет БУУнун өнүктүрүү программасы жана Еврошаркеттин парламенттик долбоорунун колдоосу менен уюштуруп жаткан ачык угуулар 30-майда болот. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан маалымдашкандай, аталаган иш чарага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Угуулардын жүрүшүндө “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” жөнүндө мыйзам долбоорунун толуктоолор менен иштеп чыгуу боюнча эксперттер өз баасын жана сунуштарын беришет.
10:45 Жогорку Кеңеште “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” жөнүндө мыйзам долбоору боюнча угуулар өтөт