Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

14:45 1-июнь - Балдарды коргоо майрамына карата жаштар кайрымдуулук акцияларды уюштурушат


1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата он чакты саясий партиялардын жаш канаттары кайрымдуулук футбол оюнун уюштурганы жатышат. Бул туралуу "Ата Мекен" партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев "Азаттыкка" билдирди. Жаш саясатчынын айтымында, бул бир четинен балдарга көңүл буруу , экинчи жагынан саясый партиялардын жаш канаттары саясый иштер менен гана алек болбостон, кайрымдуулук иш чараларын да өткөрө алышарын көрсөтүшөт. Ар бир команда бир жарым миң сомдон чогултуп, түшкөн акчага балдар интернатына материaлдык жардам көрсөтүшөт.

XS
SM
MD
LG