Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Израиль Газага дагы аба соккусун урду


Израилдин Газа секторуна жасаган соңку аба соккусунан 8 адам жан таслим болуп, дагы 12 киши жаракат алды. Аба соккусу кечээ Хамас тобунун лидерлеринин бири Халил ал-Халынын үйүн көздөй урулган. Бирок ал бул учурда үйүндө болгон эмес. Израилдин аба соккуларынан акыркы беш күндө Газада 23 адам курман болду. Палестин тараптан аткылоо жүргүзүлгөн Израилдин түштүк аймактарында болсо «өзгөчө абал» жарыяланды.

XS
SM
MD
LG