Демилгечи топтун өкүлү Александр Типеровдун айтымында кеңешке бир катар саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет. Бул уюм базаны чыгаруу талабы менен 2-июнда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет уюштурмакчы. Ага чейин президенттин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн дарегине кайрылуу жолдоп, анда америкалык база менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн макулдашууну карабай жатышынын себебин сурайт. Координациялык кеңеш демилгеге негиз катары абадан сокку урууга чейин жетүү ыктымалдыгы бар АКШ менен Ирандын начар мамилеси, кыргызстандык жарандын себепсиз атып өлтүрүлүшү сыяктуу себептерди келтирүүдө. (BuS)