Коалициянын күчтөрү кечээ Хелманд провинциясында козголоңчулардын позицияларын бомбалап, талип согушкери деп шектелген 25 адамды өлтүрүштү. Бул тууралуу ооган полициясы билдирди. Ошол эле күнү чыгыштагы Гардез шаарында жан кечтинин жардыруусунан кеминде 14 киши мерт болду, 31и жараат алды. Кол салуу элге толгон базралардын биринде болгон.