“Кристалл” заводу үчүн атйын ГЭС салынган. Мындай баш аламандыктар бардык жерде бар. Эмне үчүн өлкөдө баш аламандык болуп жатат? Себеби кожоюн жок,- деп билдирди премьер-министр Алмаз Атамбаев бүгүн парламенттеги энергетика тармагы боюнча маселе каралаганда. Ал ошондой эле Конституциялык реформа жасап,өкмөттү парламент шайламайынча учурдагы саздан чыгуу кыйын болорун айтты. Депутат Муратбек Мукашев өкмөт башчысын реформалардын аягына чыкпай кетип калбайсызбы?,- деген суроо узатты.“Акыркы окуялардан кийин мени күч колдонуп жок кылуу аракети болгон, эми мен кызматтан кетпейм, акырына чейин иштейм”,-деди Атамбаев. (AJ)