Агенттиктин негиздөөчүлөрү болуп Оруссия, Германия, Казахстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү чыгууда. Ал эми жетекчиси болуп мурунку тышкы иштер министри, саясат илмдеринин доктору Алибек Жекшенкулов дайындалды. Агенттиктин негизги багыты мамлекттик структураларды башкаруудагы демократиялык реформаларды бекемдөөгө салым кошуу, республика үчүн маанилүү экономикалык программаларды киргизүү жана башка социалдык, маданий, саламаттыкты сактоо, экология жана билим берүү жаатында жаны долбоорлорду иштеп чыгуу болуп саналат. (ESu)