Алатоо аянтында митингичилер тарабынан тигилген 34 боз үйдү 19-апрелдин түнү алып кетишкен күч органдарынын кызматкерлеринен кайрып берүүнү боз үйдүн ээлери бүгүн маалымат жыйынында талап кылышты. Алардын айтымында, 19-апрель түнү тартип коргоо кызматкерлери тынч митингдегилерди сүрүп чыгарганда, премьер-министр Алмаз Атамбаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан боз үйлөрүн 20-апрелде алып кетесиңер деп убада кылган экен. Алар боз үйлөрү кайсы мекемеде сакталып тургандыгын алигүнчө билишпестигин билдиришти. (AJ)