Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

7:08 «Манас» авиабазасы Ооганстандагы террорчулукка каршы багытталган операциялар үчүн гана пайдаланылат


Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович кечээ айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди. Элчинин айтымында, бул маселе Манас авиабазасы тууралуу эки тараптуу келишимде так көрсөтүлгөн. Элчи айым муну менен авиабаза Иранга жасалышы мүмкүн операцияларга колдонулат делген божомолдорду четке кагып, андай маселе жоктугун кошумчалады. Буга дейре кыргыз парламентинин айрым депутаттары АКШ менен Ирандын соңку мамилелеринен улам бул маселеде тынчсыздануусун билдиришкен.(SM)

XS
SM
MD
LG