ЕККУ өкүлү Миклос Харашти көз карандысыз маалымат каражаттарын кысмактоо токтобогону үчүн Азербайжан бийлигин айыптады. Үч күн мурда Бакуда оппозициялык эки гезиттин кеңсеси жабылган. Расмий тарап муну «Реальный Азербайжан» жана «Күндөлүк Азербайжан» гезиттери жайгашкан имарат өрт коопсуздугуна жооп бербестиги менен түшүндүргөн. Оппозициялык бул эки басылманын жамааты болсо муну саясий кысым катары баалашууда.