Бул туурасында Москва районундагы Ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Кубандык Акматбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын билдиргенине караганда ымыркай кыздын өлүгү кечээ эртең менен Беловодскидеги «Келечек» орто мектебинин таштанды челегинен табылган. Учурда аймактык медицина кызматкерлери менен бирге иликтөө иштери жүрүп, ташталган ымыркайдын энеси изделүүдө.(JJ)