Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

17:20 Нарын шаарында жарандык коомдордун облустук форуму өттү


НАРЫН. Ага Нарын облусунун ар тарабынан келген 40тан ашык бейөкмөт уюмдардын лидерлери катышты. Форумду «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов ачып, 2005-жылдагы март окуясы жарандык коомдун жеңиши экендигин белгилеп, бирок учурдагы реформаларга жарандык коомдун мурдагыдай активдүүлүгү байкалбай жаткандыгын айтты. Форумдун жүрүшүндө анын максаты боюнча бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү ички жана сырткы көйгөйлөрү аныкталып, ал жөнүндө резолюция кабыл алынды. Андан сырткары июнь айында өтүүчү жарандык коомдун улуттук форумуна он делегат шайланды. (JI)

XS
SM
MD
LG