Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

17:40 Ысыккөл облусунда малдын жугуштуу ылаңы көбөйүүдө


КАРАКОЛ. 2006-жылы облус боюнча бруцеллез менен ооруган 456 адам катталып, 2005-жылга салыштырмалуу 185 көбөйсө, быйыл беш айда эле 105 адам болуп өткөн жылдан 47ге өскөн. Адистер муну малдын жугуштуу илдетине каршы күрөшүү солгундаганы менен байланшытырып атат. Өткөн жылы 1226 баш бодо, 1025 майда жандык жана 47 жылкы бруцеллезго чалдыккан. Тоң районунун Оттук айылында 9-апрелде катталган шарп оорусуна убагында ветеринардык чара көрүлбөгөндүктөн оору жайылып кеткен. Ошондуктан облустук администрация малдын жугуштуу ооруларынын чыгышы жана тарап кетишин алдын алуу боюнча атайын токтом кабыл алып, аймакта эпизотикалык абал катары көзөмөлдөөнү буйурду. (RN)

XS
SM
MD
LG