Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга уран байытуунун токтотуусу үчүн берген алтымыш күндүк мөөнөт аяктоодо


Бүгүн ал мөөнөттүн акыркы күнү. Иран талапты кандай аткарганы боюнча Атом энергетиксы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ уюмунун кезектеги отчету күтүлүп жатат. Кабар агенттиктеринин билдиргенине караганда, МАГАТЭ Иран талапка көңүл бурбагандан тышкаары, өз программасын кеңейткени жөнүндө да маалымдачыдай. Бул аралыкта МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи Батышка стратегиясын өзгөртүп, өндүрүштү толук токтотуунун ордуна, Ирандан өз программасын атомду тынчтык максатта колдонуу менен гана чектөөнү талап кылуу ылайык болорун айтып чыкты. Буга байланыштуу, кабарларга караганда, АКШ, Франция, Британия өкүлдөрү МАГАТЭ башчысына нааразылык билдирген жатат.

XS
SM
MD
LG