“Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүү боюнча илимий фонддор” деп аталган ал китепте өкмөттүн медицина тармагындагы программаларын аткаруу иштери баяндалат. Кесиби боюнча тиш догдур түркмөн президенти былтыр жыл аягында Сапармурат Ниязов каза болгонго дейре өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген.