Президенттин буйругу менен Амангелди Кенжетаев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими болуп дайындалды. Ал буга чейин Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттикти башкарып келген эле. Ал эми Биринчи май районун акими Тилек Акамбаев ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу 16-майда кызматтан алынган. (AiT)